• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек арадагы акыркы саатка алынган абал

21 Аяк оона 20229:32 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 21-сентябры саат 09:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 21-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок.

Эскерте кетсек, 20-сентябрдан тарта мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде чек ара аймактарында жарылбай калган ок-дарылардан, миналардан, снарядтардан жана башка жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.

Количество просмотров: 665