• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Чек арадагы атыштан улам Кыргызстан тараптан жалпысынан сегиз киши жарадар болду

16 Аяк оона 2019 23:32 Бишкек Govori.TV

Баткендин Лейлек районунда, кыргыз-тажик чек арасындагы атыштан улам Кыргызстан жалпысынан сегиз киши жарадар болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Максат айылына жакын жердеги атыштан эки чек ара кызматкери жана аталган айылдын алты тургуну жаракат алды. Алардын ичинде 14 жаштагы өспүрүм бар.

Жаракат алгандар Лейлек райондук ооруканасына жеткирилди. Алардын ичинен эки аскердин абалы өтө оор деп бааланууда, бири башынан жараат алса, экинчисине ок жаңылган.

Учурда Максат айылында төрт «Тез жардам» бригадасы иштеп жатат.

Тажик тараптан 12 адам жаракат алгандыгы маалым болду.

Количество просмотров: 194