• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек арадагы атышуу: 11 адам жабыркады

16 Аяк оона 202210:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-сентябрда саат 10:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы тажик тараптын кол салуусунан 11 жаран жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ооруканага жеткирилгендердин абалы тууралуу маалымат кийин бериле турганы айтылды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткен облусунун бардык саламаттык сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

«Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 139