• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чек арадагы атышуу: Жакын жашаган тургундар үйлөрүн таштап кетүүдө

27 Үчтүн айы 202220:55 Бишкек Govori.TV

Жаңжал болгон жерге эң жакын жайгашкан айылдардын тургундары үйлөрүн таштап кетүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, Төрт-Көчө аймагында атышуу уланууда. Балдар менен аялдар эвакуациялана баштады.

Эске салсак, бүгүн, 27-январда саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө  тилкесин бууп салышкан. Саат 19:30га карата кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуду.

Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барып сүйлөшүү жүргүзгөн.

Кыргызстандын Чек ара кызматы жабылган жол кайра ачылганын билдирген.

Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарып, эки тараптан атышуу башталган. Төрт-Көчө, Чыр-Дөбө аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын атышуулары жүрүп, тажик тарап миномёт колдонуп жатканы кабарланды.

Количество просмотров: 1480