КР Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган эки аскер кызматкеринин абалы жөнүндө маалымат берди.
Ведомствонун алдын ала маалыматына ылайык:
“Учурда жарадар болгондор Баткен облустук бириктирилген ооруканасында дарыланууда. Аларга зарыл болгон бардык медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Кесиптештерине тиешелүү жардам көрсөтүү үчүн Бишкектен Баткенге учуп кетүүчү дарыгерлердин тобу түзүлдү. Реаниматолог, кан тамыр хирургдары, жалпы хирургдар, нейрохирургдар жана торакалдык хирург болуп жалпы 10 адис жөнөтүлөт”, — деп айтылат маалыматта.