• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чек арадагы чыр: Кыргыз-тажик сүйлөшүүсү 18-апрелде уланат

17 Чын куран 2021 20:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-апрелде чек арадагы абал боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айыл аймагында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында, Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери тарабынан оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жаткан учурда Тажик Республикасынын чек арачылары келип, оңдоп-түзөө жумуштарын токтотууну талап кылышкан. Натыйжада пикир-келишпестиктер орун алган. Окуя болгон аймакка Баткен жана Тажикстандын Исфара районунун акими баш болгон тийиштүү жетекчилер барып, сүйлөшүүлөр жүрдү. Окуя болгон жерге өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да барышты. Орун алган окуя боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү.

«Тараптар бул маселе боюнча 22-апрелде Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында өтүүчү форумга болгон иш сапардын алкагында жолугуп, сүйлөшүүнү макулдашышты. Ал эми 18-апрелде Баткен жана Исфара районунун акимдеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр уланат»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө жумуштарынын негизги бөлүгү аяктады. Тажик тараптын оңдоп-түзөө жумуштарын биргеликте жасайбыз деген талабына кыргыз тарап макул болгон жок. Учурда Баткен облусунун чек аралаш аймактарында абал туруктуу..

Количество просмотров: 128