Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундары тарабынан тосулуп турган Ош-Баткен-Исфана жолу ачылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бирок ошол эле учурда чыңалуу сакталып турат. Жолду ачуу үчүн милиция күч колдонгон. Анын жыйынтыгында айрым автоунааларга залал келтирилген.
Буга чейин Көк-Таш айылынын алты тургунун чек арадагы кырдаалды курчутууга аракет кылды деген кине менен милиция кармап кеткен. Көк-Таштын тургундары кармалган алты адамды бошотууну талап кылып, кан жолду буушкан. Учурда кырдаалга милиция кызматкерлери жана чек арачылар көз салууда.
«Баткен облусунун Төрт-Көчө аймагында тажик жарандары Кыргызстандын жарандарынын автоунааларына таш ыргытканын кабарлады. Мындан улам эки өлкөнүн жарандары ортосунда пикир келишпестик чыгып, бири-бирин таш менен урушкан»,-деп айтылат маалыматта.
Натыйжада Кыргызстан жана Тажикстандын күч органдарынын кийлигишүүсү менен чатак токтотулган.