• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Чек арадагы ок атышуудан 27 жаштагы аскер каза болду

9 Теке 2021 9:09 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-Тажик чек арачыларынын ортосундагы ок атышуудан 27 жаштагы кыргыз аскери каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1994-жылы туулган Чек ара кызматынын аскер кызматкери, сержант Хуснидин Хожиев ок атышуунун кесепетинен көз жумду.

«Учурда анын өлүмү боюнча териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат. Алдын ала маалыматка ылайык, Тажик тараптан дагы каза болгондор жана жаракат алгандар бар. Ок атышуу орун алган жерде Чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери иш алып барышууда. Эки тараптын чек ара өкүлдөрү бул факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө», — дешти мекемеден.

Эске салсак, 8-июль күнү болжол менен саат 17:00дө кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болду. УКМКнын Чек ара кызматынын атчан чек арачылары Лейлек районунун Науман ашуусу жактагы кыргыз-тажик чек арасында кызмат өтөп жүргөн. Белгиленген багыт боюнча бара жатканда Чашмагилдан ашуусунан кыргыз чек арачыларына Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кол салган. Аскерлер ортосунда ок атышуу орун алган.

Количество просмотров: 532