Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда күйүп кеткен, жоголгон документтерди калыбына келтирүү иштеринин жадыбалы түзүлдү. Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандардын документтери акысыз калыбына келтире турганын 21-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, Калкты тейлөө борборунун, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жана Баткен, Кадамжай райондорунун Калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган мобилдик топ айылдарга барып, 1-октябрга чейин тактоо иштерин жүргүзө баштайт.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Баткен облусунда 14-17-сентябрь күндөрү куралдуу кагылышууда алгачкы эсеп боюнча 364 турак жай жабыркаганын кабарлаган. Алардын арасында турак жай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелер бар.