• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Чек арасыз кабарчылар» уюму президент Жээнбековго кайрылды

27 Бирдин айы 2018 10:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.02.2018. Govori.TV.
Баш кеңсеси Парижде жайгашкан «Чек арасыз кабарчылар»  уюму Кыргызстандагы медиа эркиндигинин абалы тууралуу тынчсыздануусун билдирип, журналисттерге коюлган доолорду токтотуу өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.
Уюм 26-февралдагы билдирүүсүндө Кыргызстанда көз карандысыз журналисттерди опузалаган көрүнүштөр көбөйүп жатканын белгилеп, журналист Кабай Карабековдун Жээнбековдун «беделине шек келтирди» деп 5 миллион сомдук доого жыгылышы, «Заноза» сайтына байланыштуу баш-аягы 40 миллион сомдук доонун коюлушу, «Сентябрь» телеканалынын жабылышы, журналист Элнура Алкановага кылмыш ишинин ачылышы сыяктуу бир нече фактыны мисал келтирген.
«Кыргызстан тайгак эңкейиште турат. Биз куугунтукту токтотуу жана президенттик мөөнөтү учурунда пресса эркиндигинин толук урматталышын камсыздоо үчүн президент Сооронбай Жээнбековго кайрылабыз. Биз сын көз караштагы медиа каражаттарына ири өлчөмдөгү доолорду токтотууга, пресса жөнүндө мыйзамга президентти атайын коргоого алган жобону жоё турган өзгөртүү киргизүүгө чакырабыз»,-деп билдирди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Йоханн Бихр.
«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун «Дүйнөдөгү пресса эркиндиги» тууралуу былтыркы баяндамасында Кыргызстан төрт баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн ичинен 89-орунду ээлеген. Уюмдун соңку билдирүүсү боюнча кыргыз бийлигинин өкүлдөрү азырынча пикирин билдире элек.
Количество просмотров: 41