• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы. Эки унаанын ээлери тандалды

1 Теке 2022 23:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июлда бишкектиктердин жана борборубузга келген коноктордун эсине кала турган маанилүү окуя болот – бул күнү Ала-Тоо аянтында Мамлекеттик салык кызматы уюштурган лотереянын биринчи утуштары ойнотулууда.

Биринчи утуштун баш байгеси болгон эки унаанын ээси тандалды.

Анын бирин Эрнис Жаныбаев Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну утуп алса, экинчисин Аиза Жуманова аттуу жаран утуп алды.

Унааны жеңип алган жарандар менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров телефон аркылуу байланышып сүйүнчүлөдү. Эки жеңүүчүнүн бири түз эфирде сүйүнүчтүү кабар алса, экинчи жеңүүчүнүн уюлдук телефону өчүк болуп калды.

Белгилүү болгондой оюнга катуу үчүн 3 млн 349 миң 959 билет ыйгарылган. Жеңүүчүлөр электрондук тандоо жолу менен тандалып алынат. Оюнга жалпы 65 миңден ашуун адам катышты.

Лотереянын шартына ылайык, биринчи турда 2 автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы жана бизнес-өнөктөштөр тарабынан берилген башка баалуу байгелер ойнотулду.

Утуш эстрада ырчыларынын (Tamga, Eazy, InFamous, Элес, Арсен, Жетиген, Т.Арзыкеева ж. б.) катышуусундагы шаңдуу концерт жана кызыктуу шоу-программа менен коштолду.

Иш-чара саат 19:00дө башталды.

Количество просмотров: 300