• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

 «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы. Иш-чарага Жапаров катышууда

1 Теке 2022 19:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июлда бишкектиктердин жана борборубузга келген коноктордун эсине кала турган маанилүү окуя болот – бул күнү Ала-Тоо аянтында Мамлекеттик салык кызматы уюштурган лотереянын биринчи утуштары ойнотулат.

Борбордун аянтында өтүп жаткан бул иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ЖК депутаты Дастан Бекешев жана башка Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү келди.

Анда сөз сүйлөп жаткан Акылбек Жапаров, «Жарандардын ар бир чеги мамлекетке жана анын өнүгүүсүнө кошкон салымы. Президент Садыр Жапаров ири реформаларды баштады. Алардын бири салык менен бажы тармагын жөнгө салуу. Сиздердин лотереяга катышууңуздар салыктан качкандарды аныктоого жардам берет», — деп билдирди.

Белгилей кетсек, лотереянын шартына ылайык, биринчи турда 2 автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы жана бизнес-өнөктөштөр тарабынан берилген башка баалуу байгелер ойнотулат.

Утуш эстрада ырчыларынын (Tamga, Eazy, InFamous, Элес, Арсен, Жетиген, Т.Арзыкеева ж. б.) катышуусундагы шаңдуу концерт жана кызыктуу шоу-программа менен коштолот.

Шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун лотереянын ойнотулушуна күбө болуп, лотереянын биринчи жеңүүчүлөрү болгон бактылуу адамдардын аттарын билүү үчүн бул шаңдуу иш-чарага катышууга чакырабыз.

Иш-чара саат 19:00дө башталды.

Количество просмотров: 85