• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

 «Чек талап кылып, байге утуп ал!»: Оюнга 3 миллиондон ашуун билет катышууда

1 Теке 2022 19:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июлда бишкектиктердин жана борборубузга келген коноктордун эсине кала турган маанилүү окуя болот – бул күнү Ала-Тоо аянтында Мамлекеттик салык кызматы уюштурган лотереянын биринчи утуштары ойнотулууда.

Белгилүү болгондой оюнга катуу үчүн 3 млн 349 миң 959 билет ыйгарылган. Жеңүүчүлөр электрондук тандоо жолу менен тандалып алынат. Оюнга жалпы 65 миңден ашуун адам катышып жатат.

Лотереянын шартына ылайык, биринчи турда 2 автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы жана бизнес-өнөктөштөр тарабынан берилген башка баалуу байгелер ойнотулат.

Утуш эстрада ырчыларынын (Tamga, Eazy, InFamous, Элес, Арсен, Жетиген, Т.Арзыкеева ж. б.) катышуусундагы шаңдуу концерт жана кызыктуу шоу-программа менен коштолот.

Шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун лотереянын ойнотулушуна күбө болуп, лотереянын биринчи жеңүүчүлөрү болгон бактылуу адамдардын аттарын билүү үчүн бул шаңдуу иш-чарага катышууга чакырабыз.

Иш-чара саат 19:00дө башталды.

Количество просмотров: 143