• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Чемпион» аттуу депутаттын кылмыштуу топко бар-жогун Канат Исаев ачыктады

26 Кулжа 2019 14:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.06.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев фракциялашы Урматбек Самаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болбогонун айтты.

«Урматбек Самаев боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына бир топ маалымат чыкты. Мен расмий түрдө Самаев эч убакта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болбогонун айта алам. Эгерде менин сөзүм калп болсо муну Ички иштер министрлиги айтсын. Болгону ал спортчу»,-деди ал.

Эске салсак, Самаевдин ысымы буга чейин Токмокто кыргыз-казак чек арасындагы аткезчиликке байланыштуу чуулгандуу окуяда аталган.

Анда чек арада «аткезчилик менен алектенген эки топтун жаңжалында ок тийди» деген Аскат Үсөнов аттуу жаран видео аркылуу кайрылып, Урматбек Самаевди ачык күнөөлөп, президенттен жардам сураган.

Количество просмотров: 21