• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Фоторепортаж — Көк-бөрү боюнча чемпионаттыкта Чүй облусу чемпион аталды

3 Жетинин айы 2018 18:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.11.2018.Govori.TV

Кыргызстандын көк-бөрү боюнча чемпионатында Чүй облусунунан барган команда жеңүүчү аталды.

Бүгүн, 3-октябрда «Төлөйкөн» ат майданында өтүп жаткан оюндар жыйынтыкталды.
Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттиги маалымат таратты.
Чүй облусунан барган командага 500 миң сом кепилденген баш байге ыйгарылды.

2-орун — Ысык-көл облусу — 250 миң сом,

3-орун -Талас облусу — 100 миң сом,

4-орун Ош облусу — 80 миң сом,

5-9  чейинки орунду камсыздаган топторго 50 миң сомдон ыйгарылды.

Бул мелдештин жалпы байге фондусу  1 миллион 180 миң сомду түздү.

Мындан сырткары «Мыкты оюнчу» жана «Мыкты аргымак» деген номинациялардын ээлери аныкталды.

Чүй облусунан барган Султан Кубаныч уулу «Мыкты оюнчу» деп табылып 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.
Ал эми «Мыкты аргымак»  деген наамга Ысык-көл облусунан барган «Золотой»  кличкалуу аргымак ээ болуп, ээси 10 миң сом менен сыйланды.

Количество просмотров: 29