• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

«Чет элдик өкүл» деген реестрге бир нече уюмдан арыз түшкөнүн Баетов билдирди

6 Баш оона 202420:58 Бишкек Govori.TV

Юстиция министри Аяз Баетов 6-августта Бишкекте өткөргөн маалымат жыйында коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү боюнча бир нече уюмдардан арыз түшкөнүн билдирди. Министр алардын документтери каралып жатканын айтты.

“15-майда буйрук кабыл алынып, 1-июнда күчүнө кирди. 1-июндан 1-августка чейин арыздар кабыл алынышы керек болчу. Бир нече арыз түштү, бирок айрым маалыматтар жетишпей, кайра алып келебиз дешти. Маалыматтар берилгенден кийин реестрди көрсөтөбүз. Бирок ал жерге биз өзүбүз эмес, арыздын негизинде кошулат”, — деди министр.

21-майда Юстиция министрлиги чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин түзүү жана алардын ишин текшерүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилгенин билдирген. Ага ылайык, 16-майдан тартып бейөкмөт уюмдар эки айдын ичинде Юстиция министрлигине коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз, документтерди бериши керек.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же “Чет элдик өкүл” деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган.

Президент Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан талаштуу мыйзамга 2-апрелде кол койгон.

Количество просмотров: 71