• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

«Чет элдик өкүл» мыйзамы: Депутат Өкмөттүн корутундусу боюнча түшүндүрмө сурады

3 Тогуздун айы 202316:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар эл депутаты Надира Нарматова жана депутаттар тобу тарабынан демилгеленген “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү талкуулап жатышат.

Жыйында депутат Алишер Эрбаев талкууланып жаткан мыйзам долбоору боюнча мамлекеттик органдардын корутундусуна кызыкты. Ал министрлер кабинетинин мыйзам долбоору боюнча чыгарган корутундусунан окуп берип, түшүндүрмө сурады.

«Өкмөт бул боюнча тескеме чыгарыптыр. Ошол жерде жазышыптыр, «буга чейин коммерциялык эмес уюмдардын иши жөнгө салынган жана алардын ишмердүүлүгүнө эл аралык уюмдар тарабынан көзөмөл киргизилген ушул сыяктуу мыйзам долбоорлорун кароодо өнөктөштөр бул документ кабыл алынгандан кийин керексиз адамдарга жана тескөөчүлөргө каршы саясий куугунтук болушу мүкүн деген кооптонууларын билдиришкендигин белгилей кетүү керек» деп жазып жатасыздар. Бул эмнени билдирет? Түшүндүрүп бергиле», — деп сурады Алишер Эрбаев.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков белгилегендей, мамлекеттик органдар мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп, ошол эле учурда экинчи окууда айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен документти аягына чыгарууну сунуштап жатышат.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору ушул эле комитетке расмий түрдө 19-сентябрда биринчи окууга киргизилген. Ал күнү кворум болбогондуктан, мыйзам каралбай калган.

Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды “чет элдик тыңчы” деп атоого багытталган мыйзам 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору, депутат Надира Нарматова анын атын «чет элдик өкүл» деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган.

Алар: КРнын ЖКнин депутаттары – Нарматова Н.А., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Ташиев Ш.К., Алимбеков Н.К., Сулайманов К.К., Ханджеза К.Л., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А.Т., Сарыбашов Т.Н., Исмаилов Ф.Д., Кенжебаев А.Б., Матраимов И.И., Мамасадыков З.Д., Ражабалиев Н.А., Эрбаев А.Т., Токторбаев Ж.Ш., Сарбагышев М.К., Айжигитов С.А., Айдарова А.А., Сулайманов Э.Н., Түмөнбаев А.Т., Исаева Дж.К., Малиев А.К.

Ошол эле учурда айрым депутаттар авторлуктан кайра баш тартышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Буга чейин Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирген. Өкмөт мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок аны иштеп чыгуу зарыл экенин маалымдаган.

Количество просмотров: 35