• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Чет элдик өкүл» мыйзамы боюнча мамлекеттик органдардын позициясы кандай?

17 Тогуздун айы 2023 12:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-октябрда Жогору соттун мыйзамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Маргарита Сапиянова депутат Надира Нарматова демилгелеп чыккан «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоору боюнча Жогорку сот позициясын билдирди.

Анын айтымында, Жогорку сот сунушталып жаткана мыйзам долбоорундагы кылмыш-жаза кодексин толуктоо тууралуу норманы алып салууну сунуштайт.

“Анткени сунушталып жаткан беренеде юридикалык аныктык принциби сакталбагандыгы байкалат. Мындай жагдай укуктук ар кандай чечмелөөгө, аны өзүм билемдик менен кыянат колдонууга, жазык мыйзамдарынын жалпы жана конституциялык принциптеринин бузулушуна алып келиши мүмкүн”, — деди ал.

Ал эми мыйзам долбоору боюнча Башкы прокуратуранын корутундусун билдирген Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева ошондой эле азыркы Кылмыш-жаза кодексинин «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» 245-беренесинде буга чейин эле аймактык тескөөчүлөрдүн өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги каралганын жана ал жерде жаңы норманы киргизүүнүн кереги жок.

Акыйкатчы институту да Башкы прокуратуранын корутундусун колдоп, мыйзам долбоорун дагы да иштеп чыгууну сунуштады.

Ал эми Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов бейөкмөт уюмдар мекеменин сайты аркылуу каржылык отчетун берип турарын айтты.

Кошумчалай кетсек, азыркы тапта Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Ага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, депутаттар жана жарандык активисттер катышууда.

Эске салсак, «Чет элдик өкүл» мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинде биринчи окууда колдоо тапкан.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 74