• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Чет элдик өкүл» мыйзамы ЖКда экинчи окууда каралат

3 Бирдин айы 2024 12:39 Бишкек Govori.TV

Депутат Надира Нарматова негизги автор болгон бейөкмөт уюмдары тууралуу мыйзам долбоору парламентте экинчи окууда каралат.

ЖКнын сайтындагы маалымат боюнча, 7-февралдагы жалпы жыйында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралат.

23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жактырган.

Эске салсак, Надира Нарматова баштаган депутаттар тобу бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат. Өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөдөн каржы алып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик өкүл” статусуна ээ болуп, атайын реестрге киргизилет. «Жарандардын инсандыгына жана укуктарына кол салган» аймактык тескөөчүлөрдү түзгөндүгү үчүн айып пул жана он жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жазасы сунушталган.

Количество просмотров: 139