14-апрелде Жогорку Кеңеште “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтүп жатат.
Ага мыйзам долбоорунун демилгечиси — Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министрлиги, журналисттер, медиа эксперттер жана депутаттар катышууда.
Социалдык саясат комитет уюштуруп жаткан жыйында катышуучуларга маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министринин орун басары Марат Тагаев мурунку мыйзам долбоорунда тийиштүү жетекчилерден маалымат алуу үчүн алдын ала аккредитациядан, эки министрликтен каттоодон өтүү сыяктуу тоскоолдуктар алынып салынганын айтты.
Журналист Семетей Аманбеков мындай жеңилдик, өзгөрүүлөр мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеген журналисттер, медиа эксперттер, Жогорку Кеңештин депутаттарынын эмгеги менен киргенин белгиледи.
Ал эми «Govori.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги негиздөөчүсү Кайыргүл Урумканова Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин чектөөгө аракеттенген мыйзам долбоорлору үстү-үстүнө кабыл алынып жатканын кошумчалады.
Жогорку Кеңеш ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун 9-апрелде биринчи окууда карап, жактырган.
Эске салсак, мыйзам долбоору буга чейин журналисттердин жана жарандык коомдун каршылыгы менен кайрадан иштелип чыккан. 2024-жылы 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган.