• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Чет элдик өкүл» мыйзамын кайсы депутаттар колдогон? (тизме)

30 Тогуздун айы 2023 15:16 Бишкек Govori.TV

Депутаттар бүгүн «Чет элдик өкүл жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда талкуусуз кабыл алган. Мыйзам долбоорун 52 депутат колдосо, 7 эл өкүлү каршы добуш берген болчу. Ал эми каттоодон жалпы 72 депутат өткөн.

Мыйзам долбооруна «каршы» добушту депутаттар, Н. Алимханова, С. Атамбаев, Г. Кожокулова, Э. Көкулов, И. Масалиев, М. Сарбагышев жана Б. Түлөбаев берген.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тарткан.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 887