• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

“Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам Орусиядан көчүрүлгөнбү? Нарматованын жообу

3 Тогуздун айы 2023 15:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова “Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоору Орусиядан көчүрүлбөгөнүн айтты.

«Мыйзам долбооруна каршы көз караштагылар долбоорду» Орусиядан көчүрүп алган» деп жатышат. Нарматова көчүрүп алган жери жок. Учурда жашоо принциптери дүйнө жүзүндө бирдей эле сөздөр менен жазылат. Сөздөр окшош, жашоо принциптери да окшош. Ошондуктан мыйзамдын келип чыгуу тарыхы боюнча ушуну айткым келет»,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн “Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында каралып жатат.

Аталган мыйзам долбоору ушул эле комитетке расмий түрдө 19-сентябрда биринчи окууга киргизилген. Ал күнү кворум болбогондуктан, мыйзам каралбай калган.

Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды “чет элдик тыңчы” деп атоого багытталган мыйзам 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору, депутат Надира Нарматова анын атын «чет элдик өкүл» деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган.

Алар: КРнын ЖКнин депутаттары – Нарматова Н.А., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Ташиев Ш.К., Алимбеков Н.К., Сулайманов К.К., Ханджеза К.Л., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А.Т., Сарыбашов Т.Н., Исмаилов Ф.Д., Кенжебаев А.Б., Матраимов И.И., Мамасадыков З.Д., Ражабалиев Н.А., Эрбаев А.Т., Токторбаев Ж.Ш., Сарбагышев М.К., Айжигитов С.А., Айдарова А.А., Сулайманов Э.Н., Түмөнбаев А.Т., Исаева Дж.К., Малиев А.К.

Ошол эле учурда айрым депутаттар авторлуктан кайра баш тартышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Буга чейин Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирген. Өкмөт мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок аны иштеп чыгуу зарыл экенин маалымдаган.

Количество просмотров: 142