• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чет элдик жаран көлгө чөгүп кетти

2 Аяк оона 202217:18 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө чет элдик жаран сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-сентябрда Каракол шаарына тиешелүү кол аймагында чет элдик жаран чөгүп кетти. Мындай маалымат 112 кызматына саат 12:45те түшүп, куткаруучулар чөгүп кеткен адамдын сөөгүн 13:20да алып чыгышкан.

Болжол менен 25-30 жаштагы Е.А. аттуу жигиттин сөөгүн алып чыгуу үчүн жерине Каракол шаардык 4 куткаруучу тартылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 376