Жогорку Кеңеш жарандарды камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – министрлер кабинети.
Долбоорго ылайык, кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү түзүүдө же кыймылсыз мүлккө укуктарды жана укуктарды чектөөнү мамлекеттик каттоодо камсыздандыруу полиси да мамлекеттик органдарга берилүүчү документтердин тизмесине киргизилет.
Эске сала кетсек, 2016-жылдын февраль айында Кыргызстанда турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам күчүнө кирген. Бирок сегиз жылдын ичинде республикада 1 миллион 370 миң турак-жай фондусунун 160 миңи гана камсыздандырылган.