• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мамлекеттин эсебинен алып келинет

25 Бугу 202115:29 Бишкек Govori.TV

Чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мамлекеттин эсебинен өлкөгө алып келинет. Бул тууралуу 25-майда өлкөнүн тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Расмий маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент 22-февралда кол койгон. Ал эми 21-апрелде өкмөт чет өлкөдө көз жумгандарды мекенине алып келүү чыгымдарын жабуу тууралуу токтом чыгарган.

Башка мамлекетте каза болгон адамдын жакындары бир жолку акчалай жардам алуу үчүн Тышкы иштер министрлигине же элчиликтерге төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

  • Арыз
  • Каражат алчу адамдын паспортунун көчүрмөсү
  • Маркумдун тууганы экенин тастыктаган документтердин көчүрмөсү (нике тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк)
  • Консулдук легалдаштыруу белгиси басылган же апостиль коюлган документ — өлгөндүгү жөнүндө маалымкат же нотариалдык маалыматтык көчүрмөсү.

Буга чейин чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мекендештери, ыктыярчы топтор, уюмдар же туугандары чогулткан каражатка алып келинчү.Чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү мамлекеттин эсебинен өлкөгө алып келинет.

Количество просмотров: 148