Миграциялык процесстерди турукташтыруу жана жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү максатында 11 агенттикке Кыргызстандын жарандарын бир катар чет мамлекеттерде ишке орноштурууга тыюу салынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Мындай чечим «Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө» жобонун ченемдеринин негизинде кабыл алынды.
Чет өлкөдө ишке орноштурууга тыюу салынган агенттиктердин арасында төмөнкүлөр бар:
Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу агенттиктерин тандоодо сак болууга жана текшерилген агенттиктерге гана кайрылууга чакырат, алардын тизмеси жогорудагы сайтта жеткиликтүү.