Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов ведомствонун жыйынтыктоочу коллегиясында Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли акыркы жылдарга салыштырмалуу кескин төмөндөгөнүн билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында эмгек рыногунда туруктуулук байкалган. Расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзүп, бул акыркы беш жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды (салыштыруу үчүн: 2023-жылы 2,9 пайыз, 2024-жылы 1,8 пайыз болгон).
«Расмий жумушсуз макамы барлар 38,1 миң адамды түзүп, бир жылда 22 пайызга кыскарган. Жалпысынан 17,5 миң жаран ишке орноштурулуп, 19,8 миң адам активдүү иш менен камсыз кылуу программаларына тартылган», — деди ал.