• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Чет өлкөлүк өкүл» мыйзамы эл аралык майданда Кыргызстандын репутациясын түшүрөт

18 Тогуздун айы 2023 11:16 Бишкек Govori.TV

17-октябрда Жогорку Кеңеште “Чет элдик өкүл” мыйзамы боюнча парламенттик угуу өтүп, ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандар жана алардын бирикмелери, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылган.

Жыйында сөз сүйлөгөн юрист Таттыбүбү Эргешбаева бул мыйзам долбоору эл аралык майданда Кыргызстандын репутациясын түшүрөт деген пикирин айтты.

“Сунушталып жаткан мыйзам долбоору Кыргызстандын эл аралык майданда репутациясын түшүрөт. Корутундуларга көңүл буруп коюңуздарды суранат элем. Эң биринчиси Акыйкатчы институтунан берилген корутунду. Экинчиден, Жогорку Сот менен Башкы прокуратура берген корутунду, — деп билдирген Эргешбаева.

Эске салсак, «Чет өлкөлүк өкүл» мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинде биринчи окууда колдоо тапкан.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 71