• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чет жактан келген дарыгерлер кайсы аймактарда иштеп башташты?

21 Чын куран 202017:50 Бишкек Govori.TV

Гуманитардык жардамдын алкагында Кыргызстанга Кытайдан жана Польшадан медицина кызматкерлери келишкен. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде онлайн брифингде вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, келген дарыгерлер Ухань, Италия жана Испанияда иштеп, тажрыйбага ээ болушкан.

«Кытайлык дарыгерлер Бишкектеги лабораторияларда иштеп жатышат жана онлайн консультациялар аркылуу дарыгерлерди окутууда. Ал эми Польшанын дарыгерлери жергиликтүү дарыгерлер менен тажрыйба алмашуу максатында Бишкек, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканаларда иштешет», — деди Исмаилова.

Вице-премьер-министр Кыргызстан үчүн Польша жана Кытайдан келген дарыгерлердин тажрыйбалары менен таанышуу маанилүү экенин билдирди.

Количество просмотров: 226