Бүгүн, 21-октябрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун 2023-жылга жана 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата аткарылган иштери тууралуу маалымат угулду.
Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев консулдуктун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына токтолуп, кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, аларга жагымдуу шарттарды түзүү, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле АКШдагы республиканын жарандарына консулдук колдоо көрсөтүү жаатындагы иш-аракеттер тууралуу айтып берди.
Комитет төрагасы Улан Примов Чикагодогу мекендештердин санына, алардын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына кызыкты. Буга Болотбек Борбиев Иллинойс штатында 40 миңден ашуун мекендешибиз бар экенин маалымдап: «Алардын көбү тейлөө, жеткирүү, такси жана IT тармактарында эмгектенишет. Көптөгөн жарандар англис тилин билбегендиктен, социалдык номерди жана башка документтерди алууда кыйынчылыктарга туш болушат», — деди консул.