• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандын Чикагодогу консулу Борбиев кызматтан бошотулду

16 Тогуздун айы 202511:48 Бишкек Govori.TV

Болотбек Борбиев АКШнын Чикаго шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылынып: Борбиев Болотбек Ибраимович Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарындагы Башкы консулунун кызмат ордунан бошотулду.

Количество просмотров: 188