Бүгүн, 21-октябрдагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун 2023-жылга жана 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата аткарылган иштери тууралуу маалымат угулду.
Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Чикагодо бир кыргыз жаранына карата тергөө журуп жатканын, учурда ал үй камагында экенин айтты.