• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Чикагодо парадга чыккан элге ок аткан шектүү камалды

5 Теке 202215:21 Бишкек Govori.TV

Чикагонун жака белиндеги Хайленд-Парк аймагында Американын Эгемендик күнүнө арналган парадга чыккандарга ок аткан шектүү камалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, 20 чакты адам, анын ичинде балдар жараат алышкан. Ошондой эле 6 адамдын өмүрү кыйылды. Айрымдарынын абалы оор.

Эгемендик күнүнө арналган парад эртең мененки саат ондо башталып, он мүнөттөн кийин ок атыла баштаган. Хайленд-Парктын полиция жетекчиси Лу Жогмен журналисттерге билдиргендей, 22 жаштагы Роберт Кримо аттуу шектүүнү машине менен артынан кууп барып кармашкан.

Количество просмотров: 178