• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Чипировайтетип» кой… Депутат 14 жашка чейинки балдарга телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады

9 Аяк оона 2022 15:24 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу 14 жашка чейинки балдарга телефон колдонууга мыйзамдуу түрдө тыюу салууну сунуштады.

«Мен 14 жашка чейинки балдарга телефон колдонууга тыюу салууну сунуштайм. Азыр техниканын өнүккөн заманы. Эгерде баламды же кызымды таппай калам десең «чипировать» этип кой. Бул телефондордо эмне жок. Коомду тарбиялайбыз десек, 14 жашка чейинки телефондорду колдонууга мыйзам чегинде тыюу салышыбыз керек”, — деди депутат.

Количество просмотров: 1206