• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн үй курулду

20 Баш оона 202420:32 Бишкек Govori.TV

Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келген этникалык кыргыздарга арналган үйлөрдүн курулушу бүттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үйлөрдүн ачкычын Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамын утурлай тапшыруу пландалууда.

Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттен каржыланып башталган. Курулуштун тендердик баасы 82,9 млн. сомду түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери “Олимп и Ко” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

«Долбоор боюнча турак үйлөр эки үй-бүлөгө ылайыкталган, жалпысынан 6 бөлмөлүү 10 турак үй курулду. Үйдүн аянты 180 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө турак үйлөрдүн курулуш жумуштары 95 пайызга бүткөрүлүп, учурда сырткы ажатканалардын курулушу уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 2019-жылы Талды-Суу айылына этникалык кыргыздар көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга жайгаштырылган 50дөй памирлик кыргыздардын бир тобу Ооганстанга кайра кайткан.

Количество просмотров: 188