• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чоң-Алайда турак үй толугу менен күйүп кетти

24 Баш оона 202012:51 Бишкек Govori.TV

Чоң-Алай районунда жылытуучу мештен өрт чыгып, турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт 23-августта Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы Ачык-Суу айылындагы турак үйдөн чыккан. Өрттүн жалпы аянты 192 чарчы метрди түзүп, жанында жайгашкан №5 үйгө дагы өткөн.

Өрт жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан. Жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 228