• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Чоң-Алайдын Карамык жерлигиндеги атышуу токтоду

17 Аяк оона 202221:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-сентябрда саат 21:00дө чек аранын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Саат 19:00дө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык жерлигиндеги кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылоо токтотулду.

Саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу «Гулистон» өткөрмө бекетинде өткөрүү пландаштырылган.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 150