Бишкекте тоо боорундагы тилсиз жоо өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-августта Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тоо тарабында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Мындан сырткары 20 куткаруучу тартылган.
Тоо боорундагы тилсиз жоо 14:30да чектөөгө алынып, учурда өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 4-5 гектарды түзөт.