• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чоң-Фергана каналына түшүп кеткен автоунаа чыгарылды

9 Кулжа 202015:41 Бишкек Govori.TV


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Чоң-Фергана каналына түшүп кеткен автоунааны чыгарышты. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айыл аймагынын Ноокен айылында Чоң-Фергана каналына “Honda Stream” үлгүсүндөгү жеңил унаа 7-июнда түшүп кеткен. Жабыркагандар жок.

«Унааны чыгарып берүүгө көмөк көрсөтүү максатында, ӨКМдин Таш-Көмүр шаардык №2 өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, суунун агымы катуу болгондугуна байланыштуу иш-чаралар саат 20:00дө убактылуу токтотулган. 9-июнь күнү саат 10.00до жумуш башталып, саат 12:35те машинаны суудан чыгарышып ээсине тапшырышты»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 173