• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

«Чоң-Капка-автожол» өткөрүү пункту убактылуу жабылат (графиги)

29 Чын куран 2024 11:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн “Чоң-Капка-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши убактылуу токтотулат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, техникалык иштерге байланыштуу саат 16.00дөн 19.00гө чейин адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү убактылуу токтотулат.

УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды сапарларын алдын ала пландап алууну суранат.

Белгилей кетсек, «Чоң-Капка-автожол» өткөрүү пункту Казакстан менен чектеш жерде жайгашкан.

Количество просмотров: 79