• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Чоң класстар тарабынан сабалган окуучулар». Бир нече мугалим жаза алды

22 Бугу 2023 9:56 Бишкек Govori.TV

Өзгөн районуна караштуу Ж. Мойдунов атындагы № 11 орто мектебинде окуучулар арасында пикир келишпестик болгон.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, окуя 17-майда сабактан тышкаркы мезгилде тыт талаасында болгон. Анда окуучулар арасындагы конфликт видео тасмага тартылып, социалдык тармактарда тарап кеткен.

Бул окуяга байланыштуу Өзгөн райондук Билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия, ата-энелер менен бирге кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир нече мугалимге карата тийиштүү чара колдонулган.

Мектепте жетишсиз тарбиялык иштерин алып баргандыгы үчүн Жакыпова А. “ Сөгүш”, мектептин социалдык педагогу Кулмаматова Г., 8 ”а” класстын класс жетекчиси Умаралиева Г., 8 “б” класстын класс жетекчиси Абдырахманова Р., 9 “б” класстын класс жетекчиси К. “Эскертүү” жазасын алды.

Количество просмотров: 117