• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Чолпон-Атада катуу шамал ишкананын чатырын учурду

6 Бирдин айы 201918:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.02.2019. Govori.TV.

Бүгүн Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында ылдамдыгы секундасына 15-28 метрге жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда шамалдын кесепетинен «Чолпон-Ата суу канал» муниципалдык ишканасынын профнастил менен жабылган чатырынын 185 чарчы метри учуп кеткен.

Учурда жеринде Жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 16