• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Чолпон-Атада УКТ мүчөсү баңгизаты менен кармалды (видео)

15 Аяк оона 2022 10:15 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Ата шаарында уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматта айтылган, август айында Чолпон-Ата шаарында уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү мыйзамсыз баңгизатын сактап жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшөт.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 283 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү катары 26 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон, КР ИИМдын ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган Э.Э. кармалды.

Анын унаасына тинтүү иштерин жүргүзгөндө, андан жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк заты табылган. Соттук-химиялык экспертизанын жайынтыгы боюнча алынган далил зат, гашиш баңги заттын түрүнө таандык экени жана анын таза салмагы 3,006 граммды түзөрү аныкталды.

Райондук соттун чечими менен кылмышка шектүү катары кармалган жаранга тергөө мезгилинде камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 86