• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чолпон-Атада унаалардын тыгыны жаралды (видео)

19 Баш оона 2021 17:09 Бишкек Govori.TV

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өтүп жаткан Чолпон-Ата шаарында унаалардын тыгыны жаралды. Бул тууралуу окурмандар кабарлап, видео жөнөтүшүүдө.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун айрым жолдору 19-20-августта жабыла турганын Жол кыймылынын коопуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкен.

Бул күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн башчыларынын катышуусунда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму өтөт.

Буга байланыштуу коопсуздукту камсыздоо максатында Тамчы айылынан Бостери айылына чейин, ошондой эле Чолпон-Ата шаары боюнча жолдордо транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр коюлат.

“Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алып жарандарыбыз менен коноктор убактылуу киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алат деп ишенебиз. Жолдордо тыгындарды жаратпоо үчүн жол эрежелерин жана жолдо жүрүү маданиятын так сактап, унааларды жолдун жээктерине кароосуз калтыруудан алыс болууга чакырабыз. Алдын ала жол каттамдарын тандап алыңыздар”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 493