12-августта Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында жаштардын эл аралык «Кыргызстан -2022» саммити өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалыматта айтылгандай саммиттин темасы «Заманбап жаштардын ишмердүүлүгү: азыркыдан келечекке» деп аталып, анда гуманитардык, маданият, билим берүү, коомдук-саясий кызматташтык маселелери талкууланат.
Иш-чарага Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Азербайжан, Венгрия сыяктуу айрым мамлекеттерден 200дөй жаш лидерлер катышмакчы. Алар экологиялык коопсуздук — туруктуу өнүгүүнүн фактору, ишкердикти өнүктүрүүдө жаштардын ролу, дүйнөлүк саясатта жаштар, глобалдык деңгээлдеги коммуникация жана социалдык медиа деген темаларда пикир алмашып, өз позицияларын аймакчы.