• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Чолпон-Атанын ипподромун чала оңдогон ишкананын жетекчиси алты жылга кесилди

17 Үчтүн айы 2018 12:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.01.2018. Govori.TV.

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдоодон өткөргөн “Темир Канат” ишканасынын жетекчиси Эркин Мергенбаев алты жылга кесилди. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

«Темир Канат»  жоопкерчилиги  чектелген коомдун башкы  директорунуна карата 2017-жылдын  10-июлундагы  Биринчи май райондук сотунун өкүмү  Бишкек шаардык соту тарабынан 2017-жылдын 14-ноябрында жокко чыгарылган.

Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 204 статьясынын  3 бөлүгүнүн 5 пункту жана 210 –статьясынын 3 бөлүгү боюнча  6 жылга эркиндигинен ажыратылып үй-мүлкү конфискацияга алынып жазасын күчөтүлгөн тартиптеги   түзөтүү абакта өтөөсүн.

Мергенбаев «аткезчилик менен алектенип, өлкө сыртынан товар ташып келген жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан» деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылды.

2014-жылы Бүткүл дүйнөлүк «Көчмөндөр оюндарын» өткөрүш үчүн Чолпон-Атадагы ат майданын эки ай ичинде шашылыш кайра курган “Темир-Канат” компаниясынын башчысына өткөн аптада кылмыш иши козголгон.

Мергенбаевге «ат майданын куруш үчүн отургучтарды Кытайдан аткезчилик менен алып келген, салыкты жашырган» деген айып тагылган.

Эркин Мергенбаев өкмөттү «ат майданды оңдоого кеткен каражатты толук төлөгөн жок» деп айыптап чыккан.

Кийин Чолпон-Атадагы ат майдан кайрадан оңдоодон өткөн.

Количество просмотров: 16