• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Чолпон-Атанын 42 жаштагы тургуну алдамчылыкка айыпталып кармалды

22 Бирдин айы 2022 16:12 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Ата шаарынын тургуну алдамчылык менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,19-февраль күнү Ысык-Көл РИИБне Чолпон-Ата шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, өткөн жылдын декабрь айында «Урмат» аттуу жаран ишеничине кирип, Бишкек шаарынын тургунуна тиешелүү болгон 40-тонналык темир контейнерди 1800 АКШ доллар акчага баалап, сатып кеткенин билдирген.

Бул факт Ысык-Көл РИИБнин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иштери козголгон.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү болгон жарандын өздүгү аныкталып, ошол эле күнү райондук милициянын кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1980-ж.т. Чолпон-Ата шаарынын А.У. аттуу тургуну кармалган.

Ысык-Көл райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен кылмышка шектүү жаранга карата 2-айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда, Ысык-Көл районунун аймагында башка кылмыш иштерине тиешеси бар, же жоктугу текшерилүүдө.

Количество просмотров: 78