• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чолпонбаев: Өлкөдө 14 күндүк карантинде 552 адам бар

20 Жалган куран 20209:41 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө 14 күндүк карантинде 552 адам бар. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта өкмөттөгү брифингде Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 410 адам алгоритм боюнча карантинге алынган.

«Обсервацияларда коронавирус жуктурган кыргызстандык жарандар менен чогуу учуп келген адамдар көзөмөлдөнүп жатат»,-деп билдирди Чолпонбаев.

Мындан тышкары, ал Кыргызстанда карантин үчүн жалпы 2290 орун даярдалганын кошумчалады.

Количество просмотров: 203