• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуттук борбордун директору Бактыгүл Султангазиева кызматынан бошотулду

11 Жетинин айы 202411:54 Бишкек Govori.TV

Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордун директору Бактыгүл Султангазиева кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов парламентте социалдык саясат комитетинде билдирди.

Аталган борбордун жетекчисинин милдетин жетекчинин орун басары аткарууда.

Б. Султангазиева 2021-жылдан тарта аталган борборду башкарып турган. Буга чейин депутаттар тарабынан нааразылыктар да ага карата байма-бай айтылып келген.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Б. Султангазиеваны кызматынан бошотуу тууралуу сунушту Министрлер Кабинетине бергени да белгилүү эле.

Количество просмотров: 350