• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чолпонбек Абыкеев Кыргызстандын мамлекеттик катчысы болуп дайындалды

2 Теке 202116:36 Бишкек Govori.TV

Чолпонбек Абыкеев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп дайындалды. . Бул маалыматты өлкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 2-июлда билдирди.

Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мамлекеттик катчы — Кыргызстандын ички жана тышкы саясаттарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруудагы аракеттерди координациялоо боюнча мамлекет башчынын тапшырмаларын аткаруучу кызмат адамы.

Абыкеев 1957-жылы Нарын облусундагы Кочкор районунун Көк-Дөбө айылында жарыкка келген. 2021-жылдын 10-майынан бери министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси катары эмгектенип жаткан.

Количество просмотров: 315